Өзбекстан Каржы министрлиги: Бюджетке Каримовадан $1,2 млрд түшкөн эмес

Автор -

Өзбекстан Каржы министрлиги Гүлнара Каримова мамлекетке 1,2 миллиард доллар кайтарган деген маалыматты төгүндөдү.

“Каржы министрлиги мамлекетке ким акча кайтарганын эсептебейт. Ошол эле маалда былтыр жана быйылкы жылдын биринчи жарымында бюджетке жогоруда көрсөтүлгөн сумма түшкөн эмес”, – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ташкент облусундагы Заңги-Ата районунда №21 аялдар абагында жаза өтөп жаткан Гүлнара Каримова чет өлкөлүк банктардагы 686 миллион доллардан баш тартууга даяр экенин билдирген. Атасынын көзү өткөндөн кийин мамлекет башына келген Шавкат Мирзиеёвди гумандуулукка чакырып, Лондондогу үйүнө, балдарына кетүүнү суранган.

Алты жылдан бери биринчи жолу үн каткан 46 жаштагы Каримованын кайрылуусун кызы Иман “Инстаграмга” жарыялаган. ​

«Мен протокол үчүн билдирип коёюн, буга чейин Өзбекстанда мурда менин эсебимде турган 1,2 миллиард доллар жеке менчигимден чыгып, өкмөттүк бюджеттин кирешесине өттү. Муну жергиликтүү органдардын бир нече иликтөөлөрү тастыктайт» деген Каримова кайрылуусунда.

Ага чейин Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде алынган 133 миллион долларды Өзбекстанга кайтарып берерин билдирген.

Бөлүшүү