Алмазбек Атамбаев максаттары тууралуу билдирүү таратты

Автор -
220

Акыркы учурдагы ар кандай божомолдордон улам Алмазбек Атамбаев билдирүү таратты.

Анын билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

Менин максаттарым туурасындагы кезектеги жомокту айтышууда. Мен кайрадан кандайдыр бир жогорку кызматты ээлегим келет имиш. Мунун мага эч бир кереги жок. Мен президент болдум. Дагы кандай кызмат болушу мүмкүн?

Бүгүн Кыргызстан экономикадагы жана мамлекеттик башкаруудагы таптакыр жаңы мамилелерге муктаж болуп турат. Муну эми башка лидерлер жасасын. Карагылачы, Жээнбеков бирдеме кылып жаткандай түр көрсөткөнү менен бирок колунан эч нерсе келбей жатат. Бүгүн өлкөнү көтөрүү үчүн башкача ой жүгүртүү керек.

Жеке мага келе турган болсок, мен алты жыл ичинде күчүмдү өлкөдө туруктуулукту орнотууга жана өлкөнү өнүгүү жолуна салууга жумшадым. Биздин муундагы башка саясатчылар да өзүлөрүнүн ресурстарын сарптап бүтүштү. Алардын кимдир бирөөлөрү өлкө үчүн иштеди. Кимдир бирөөлөрү дөңгөлөккө таяк сайып, өлкөнү аксатты. Кимдир бирөөлөрү бүгүн да өлкөнү артка тартышууда.

Менин максатым жаңы элдик лидерлерге жардам берүү. Саясатта буркан-шаркан түшкөн процесстер жүрүүдө. Андан кийин эле шайлоолор болот. Жаңы адамдар, жаштар көбүрөөк келсе экен дейм. Мүмкүн болушунча сыноолордон өткөн, кайраттуу, өзүнүн пикири бар, абийир менен ар-намысты баарынан жогору койгондор келсе деген тилек.

Бөлүшүү