Бишкек шаарында таштандынын түрүнө жараша урналарды орното баштады (фото)

Автор -

Бишкек шаарында таштандынын түрүнө жараша урналарды орното баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта. ‘]»Борбор калаанын тургундары жана коноктору пластик, кагаз жана айнек таштандыны ар түскө боёлгон урналарга сала алышат. Идея менен эскиздик долбоор Биринчи Май райондук акимиатына таандык. Ал эми урналар «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан жасалган» [/ads-quote-center]

Биринчи этапта 10 урна даярдалып, алтоо Курманжан датканын эстелигинин аймагына орнотулган. Калгандары жакынкы күндөрү Уркуя Салиеванын скверине жана Чүй менен Манас проспектисинин кесилишиндеги жаңы аянтчага коюлат.