Тарых музейи боюнча ишти кароодо сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

Автор -
203

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майдан боюнча ачылган кылмыш иши каралды. Бул тууралуу april.kg агенттиги жазып чыкты.

Айыпталуучу катары президент аппаратынын  Жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаева менен мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берди.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов судья Айбек Эрнис уулунун ишти карашына каршы чыкты. Юрист муну мурда ушул судья Өмүрбек Текебаевди күнөөлөгөн чечим чыгарганы менен түшүндүрдү.

[ads-quote-center cite=’деди Нурбек Токтакунов.’]«Иште каржылык же материалдык табуунун, мыйзамсыз баюунун далилдери жок. Бул сот Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жатканда да күбөлөрдүн гана көрсөтмөлөрүнө таянып, чечим чыгарып койгон»[/ads-quote-center]

Сапар Исаков өзүнүн жактоочусун колдоду.

[ads-quote-center cite=’деди Сапар Исаков.’] «Мен сизди калыс сот деп уккам. Бирок, биз баарыбыз билген факт бар. Бул иш саясий мүнөзгө ээ»[/ads-quote-center]

Кеңешүүчү бөлмөгө чыгып келген судья бул өтүнүчтү четке какты.