«Ак-Тилек» пунктунда мыйзамсыз жүк ташып келе жаткан автомашина кармалды

Автор -

Салык кызматы «Ак-Тилек» пунктунан коштоочу документтери жок жыгач материалын алып келингендигин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-июлунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан коштоочу документтери жок жыгач материалын ташып келе жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, 25 куб.м. жыгач материалын ташып келе жаткан автомашина кармалган. Унаа убактылуу токтотуучу жайга коюлду.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.