Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Хамура шаарынын делегациясын кабыл алды

Автор -

Кечээ, 3-июль күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Токио округунун Хамура шаарынын мэри Шин Намики башында турган Япониядан келген делегацияны кабыл алды.  Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаганын жана ушуга байланыштуу эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселесине кыргыз тарабы өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана спорттук кызматташтыкты интенсификациялоо боюнча айкын практикалык чараларды көрүп жаткан Хамура шаарынын мэриясынын администрациясына ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Мэр Ш.Намики Япония менен Кыргыз Республикасынын региондорунун ортосундагы байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана билим берүү жаатында кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле, ушул жылдын август айында Япониянын Токио шаарында өтө турган дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатына спортсмендерди даярдоо максатында учурда Кыргызстандын дзюдо боюнча командасынын Хамура шаарында машыгуу жыйынын өткөрүү маселеси иштелип жаткандыгын Ш.Намики маалымдады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү