Молдакун Абдылдаевдин 8 жаштагы небересинин сөөгү табылды

Автор -

Көкөмерен суусуна унаа менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин 8 жаштагы небересинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип «24.kg» билдирди.

Эскерте кетсек, 30-июнь күнү Чүй облустук администрациянын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү бара жаткан ууна дарыяга түшүп кеткен. Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү 2-июль күнү табылган.

Учурда жубайы менен уулу изделүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү