Самаркандда ит капкан тогуз жаштагы бала каза болду

Автор -

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Равонак айылында бир ай мурда ит каап алган тогуз жаштагы бала каза болду.

Айыл тургундарынын айтымында, алгач ата-энеси баланын жараатына көңүл бурушкан эмес.

«22-июнда баланын дене табы жогорулап, кутурма белгилери менен облустук инфекциялык ооруканага жеткирилген. 3-июлда каза болуп калды»
деди айыл жашоочусу.

Инфекциялык ооруканадан билдиришкендей, каза тапкан баланын анализдери Ташкенттеги илимий-изилдөө борборуна жөнөтүлдү.

«Анализдин жыйынтыктары бир жумадан кийин белгилүү болот. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз»
деди оорукана дарыгери.

Баланын өлүмүнөн кийин райондо кутурмага каршы үй жаныбарларын, анын ичинде иттер менен мышыктарды жапырт эмдөө иштери башталды.

Бөлүшүү