Алмазбек Атамбаев суракка барган жок

    Автор -

    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) чакыруусун мыйзамсыз деп эсептегендиктен, суракка баруудан баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

    Адвокаттын айтымында, Атамбаевдин экс-президент макамы мыйзамсыз алынган. «Ал бул макамга 2003-жылкы мыйзамга ылайык ээ, ал эми парламент 27-июнда кабыл алган токтом 2019-жылдын 15-майындагы мыйзамга негизделген», — деди Слесарев.

    Чакырууну Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө милиция кызматкерлери 8-июлда кечинде жеткирип беришкен. Бул тууралуу пикирин билдирген мурдагы президент бардык суроолор боюнча өзүнүн юридикалык өкүлү Сергей Слесаревге кайрылууну сунуш кылган.

    Алмазбек Атамбаев кайсыл иш боюнча суракка чакырылганы белгисиз. Азырынча ИИМден бул боюнча комментарий алуу мүмкүн болбой жатат.

    Бөлүшүү