Ташкентте мурдагы башкы прокурор Ихтиёр Абдуллаевдин соту башталды

Автор -

Ташкентте Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору жана Мамлекеттик коопсуздук кызматынын экс-жетекчиси Ихтиёр Абдуллаевдин соту башталды. «Фергана» агенттигинин маалыматына караганда, Абдуллаевдин ишинде жашыруун сырлар болгондуктан, отурум аскердик сотто өтүүдө.

Жалпысынан бул иш боюнча 24 адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алардын арасында Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Жахонгир Эгамов, Жогорку соттун мурдагы төрага орун басары Баходир Дехканов жана Ташкент прокурорунун мурдагы орун басары Еркин Абдуллаев бар.

Отурумга соттолуучулардын туугандары тарабынан жалданган адвокаттар киргизилген жок. Сот кызматкерлери айыпталуучулар алардын кызматынан баш тартып, соттолуучуларды мамлекеттик адвокаттар гана коргой турганын айтышты. Бирок адвокаттарга айыпталуучулардын алардан баш тарткандыгын ырастаган документтер көрсөтүлгөн жок.

Ихтиёр Абдуллаев Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагалыгынан 11-февралда бошотулган. Ал «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана «Пара берүү» беренелери боюнча айыпталып жатканы кабарланууда.

Июнда Өзбекстандын дагы бир мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров коррупция жана кызмат абалын кыянат пайдалануу айыптары менен он жылга эркинен ажыратылып, 12 миң доллар өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилген. Анын иши боюнча сот отуруму дагы жабык өтүп, ага соттолуучулардын туугандары да киргизилген эмес.

Бөлүшүү