Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына аман-эсен жетип алышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Зыяратчыларды Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын өкүлү Султаналы ажы Гапыров тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырды.
Белгилей кетсек, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учушкан.
https://youtu.be/TTn0-vEaJAA