Зеленский Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү — эмнелер талкууланды?

Автор -

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия ФСБсы тарабынан Крымдын жээгинде кармалган 24 украин морягын “баарын баардыгына” принциби боюнча алмаштырууну сунуштады.

Бул тууралуу Зеленский “Президент менен ачык сүйлөшүү” берүүсү учурунда билдирди. Украин лидеринин айтымында, бул согушту токтотууга жана Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жандандырууга өбөлгө болмок.

Зеленский “баарын баарына” алмашуу форматын телефондук сүйлөшүү учурунда Орусия президенти Владимир Путин сунуштаганын айтты. Бирок Киев менен Орусия түзгөн тизме бири-бирине дал келбей жатат. Буга байланыштуу ал алмашууну 24 украин морягынан баштоону сунуштады.

Владимир Зеленский менен Владимир Путиндин алгачкы телефондук сүйлөшүүсү 11-июлда Украинанын демилгеси менен ишке ашкан.

17-июлда Москванын Лефортовский соту 2018-жылы Орусия ФСБсы тарабынан кармалган 24 моряктын камактагы мөөнөтүн дагы үч айга узарткан. Буга чейин Зеленский Путинден моряктарды бошотууну суранган. “Баарыбызда бала бар, балдарын ата-энелерине кайтаргылачы” деген ал.

Моряктар 2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында Украина менен Орусиянын кемелеринин ортосундагы чатакта кармалган.

Эгер сот күнөөлүү деп тапса, алар Орусиянын мыйзамдарына ылайык алты жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Украина ноябрдагы окуяны «агрессия», ал эми моряктарды «аскер туткундары» деп атаган. Аны АКШ, НАТО жана Евробиримдик колдогон. Орусия моряктар мыйзам бузганы үчүн кармалган деп эсептейт.

Бөлүшүү