Кант шаарында каракчылыкка шектелип эки жигит кармалды (фото)

Автор -
210

Каракчылыкка шектелип эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-июлда Кант шаарындагы дүкөндөрдүн бирине  болжол менен саат 03:40та белгисиз адамдар келип опузалап 25 миң сом акча алып кетишкен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 202-берене («Карактоо») боюнча каттоого алынган.

Милициядан белгилешкендей, окуяга тиешеси бар деп 22 жаштагы Ч.Е. жана 24 жаштагы А.Б. кармалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.