Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барды

Автор -
322

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Окуяга күбө болгондор кабарлагандай, министрдин орун басары мурдагы президент Атамбаев үч жолу суракка баруудан баш тартканын белгилеп, анын себебин билүүгө кызыкты.

Мирлан Каниметов менен Алмазбек Атамбаевдин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жолугуп, мурдагы президент эмне себептен суракка барбай жатканын түшүндүрдү.

Жолдубаева Атамбаевден экс-президент деген макам мыйзамсыз алынды деп эсептерин жана бул боюнча Конституциялык палатанын чечими чыкмайынча суракка барбай турганын кабарлады. Мындан соң Каниметов баш болгон тергөө тобунун мүчөлөрү кетишти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү