Чек арадагы жаңжал: Аксай айылынын 315 жашоочусу Баткенге көчүрүлдү

Автор -

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам Баткен районунун Аксай айылынын 315 жашоочусу Баткен шаарына көчүрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандагы «Кызыл жарым ай» коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 55 адам үй-бүлөлөрдө, 260 адам убактылуу түзүлгөн лагерлерде (№57 лицейинде 56 адам, №3 мектебинде 11 адам, Ленин атындагы мектепте 93 адам) жайгаштырылган. Көпчүлүгү балдар жана аялдар.

Кыргызстандагы «Кызыл жарым ай» коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусу менен убактылуу көчүрүлгөн жарандарга 5 чатыр берип, суусундук жана тамак-аш менен камсыздаган. Ал эми жаракаттар менен аймактык ооруканага түшкөндөргө гуманитардык жардам катары кийим-кече берген.

undefinedundefinedundefinedundefinedundefinedundefinedundefinedundefinedundefined

Белгилей кетсек, Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан бир киши каза болуп, кеминде дагы бешөө жаракат алган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда бир адам каза болду

Бөлүшүү