Элдик штаб «Коопсуз шаар» долбоорунун кемчиликтерин атады

Автор -

Кыргыз Республикасынын жарандарынын «Коопсуз шаар» долбоорун киргизүүдөгү кемчиликтер жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул боюнча кайрылууларын карап чыгып, Элдик штабдын Кеңеши чечти:

  1. М.Д. Абылгазиевдин Өкмөтү өзүнүн мамлекеттик органдар үчүн карапайым жарандарга айып пул салуунун эсебинен акча табууну көздөгөн жоопкерчиликсиз умтулуусу менен жыйынтыгында прогрессивдүү жана керектүү болгон «Коопсуз шаар» долбоорунун беделин түшүргөнү белгиленсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Жогорку Кеңеш «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында катачылыктарды оңдоо үчүн токтоосуз чараларды кабыл алуусу жана 2019-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө элдин төмөнкү талаптарын аткаруусу принципиалдуу түрдө маанилүү деп эсептелсин:

1) Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун учурдагы өлчөмү жөнүндөгү чечим жокко чыгарылсын жана унааны мас абалында башкаруу менен байланышкан бузуулардан тышкары, 2019-жылдын 1-январына чейинки өлчөмгө кайтарылсын.

Жарандар кайрылган учурларда, жогоруда көрсөтүлгөн чечим жокко чыгарылганга чейин каттоого алынган бузуулар боюнча тийиштүү кайра эсептеп чыгуулар жүргүзүлсүн;

2) Коомчулук үчүн прогрессивдүү жана зарыл болгон «Коопсуз шаар» долбоорунун маңызын түшүндүрүү боюнча калк арасында сапаттуу маалыматтык иш жүргүзүлсүн. Жол инфраструктурасы (белгилер, чийиндер, жол чырактары ж.б.) дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирилсин.

3) 2021-жылдан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун жаңы өлчөмүн жарандардын реалдуу материалдык мүмкүнчүлүктөрүнө туура келүү принцибин эске алуу менен этап боюнча киргизүү каралсын.

  1. Элдик штаб элдин жогоруда көрсөтүлгөн талаптарынын аткарылуусуна чечкиндүү жетише турганын жана бул максатта аталган маселелерди Өкмөт менен талкуулоого даяр экенин билдирет.
  2. Ушул Чечимде айтылган талаптар аткарылбаса, Элдик штаб өзүнө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында массалык акцияларды өткөрүү укугун калтырат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү