Баткенде учурда абал кандай? (Видео)

Автор -
509

Кыргыз-Таджик чек арасындагы чыңалуу жоюла элек. Бүгүн түштөн кийин Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров калк менен жоолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда, тажик тараптан Кыргызстандын жарандарын көздөй эки ирет ок чыгарылган.

Атышуу болгон жерге келген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңжалда жабыр тарткандардан кабар алган соң, күч түзүмдөрү менен чукул жыйын өткөрдү. Акыркы окуяларга байланыштуу Баткен облусунда жана чектеш аймактарда коопсуздукту, укук тартибин камсыздоо иштерин күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата Ак-Сай айылынан көчурулүп кеткен жашоочуларды жана жабыркагандарды дары-дармек, азык-тулук, кийим кечек менен камсыздоо талабын койгону кабарланат.

Бөлүшүү