Чек арадагы жаңжал: эл менен күч кызматкерлеринин чырынан үч милиция жараат алды

Автор -

Баткен районунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыккан чырдан үч милиция жараат алды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милиция социалдык тармактарда тарап жаткан «милиция Ак-Сай элине күч колдонуп жатат» деген тасмалардын чоо-жайы боюнча түшүндүрмө берди. Таратылган маалыматка караганда, 24-июль күнү 06:00 чамасында аксайлыктар айылды кесип өткөн Ак-Сай-Ворух жолунан машинелерди өткөрбөө үчүн жолду жыгачтар менен мыйзамсыз тосуп алышкан.

Коомдук коопсуздукту карап жаткан милиция кызматкерлери жыгачтарды алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда «Камаз» үлгүсүндөгү жүк таашуучу автоунаанын ээси, аларды качырып айдап келип жолдун ортосуна шагыл төгүп салган.

Ошол учурда аны токтотууга аракет кылган күч кызматкерлерине айылдын тургундары таш ыргытышып, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей коюшкан. Милиция жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылган. Окуядан жергиликтүүлөр да жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Облустук милициянын басма сөз кызматы учурда Ак-Сайда абал туруктуу экенин, жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Бөлүшүү