Атамбаевдин уулу атасы менен эки жылдан бери сүйлөшө электигин айтып чыкты

Автор -

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасы менен эки жылдан бери сүйлөшө электигин социалдык баракчасына жазды.

Билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз :

«Атам менен сүйлөшпөгөн эки жыл.⠀
Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү окусам: “Атаңа бийликте турганда айтпайт белең!” – деген сөздөр болууда.

Мен бир чындыкты айткым келет. Үй-бүлөмдүн, атамдын жакындарынын духу жетпей турганда, мен атама айтчымын:

-“Сиздин шоопуруңуз, жансакчыңыз, балашкаларыңыз, Сиз мамлекетибизге жасаган жакшы иштерге көлөкө түшүрүп жатат!”- деп. Ушул сөздөрдүн кесепетинен, мына эки жылдын ичинде атам экөөбүз бир жолу эле көрүштүк!

Керек болсо эки достун ортосуна интрига жаратып, азыркы абалга алып келгендер дагы ушулар! Калыстык деген баардык жакта болуш керек жана бардыгына бирдей калыстык айтылышы керек!»

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү