Чек арада жабыркаган 16 адам ооруканада дарылануусун улантууда

Автор -

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы соңку жаңжалда ар кандай жараат менен ооруканага түшкөндөрдүн 16сы дарылануусун улантууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна 29-июлда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ооруканага баш-аягы 31 адам кайрылган болчу.

Дарыланып жаткандардын абалы туруктуу жана дары-дармек жетиштүү экени айтылды.

Өкмөттүн өкүлү жабыркагандардын ал-абалы менен таанышып, аларга материалдык жардам берди.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Тажикстандын Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге тажик желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын Чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын, бир киши каза болгонун билдирүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүштү. Жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганы азырынча расмий айтыла элек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү