Нарындагы жол кырсыгынан 10 адам жаракат алып, 2 адам каза болду

Автор -
451

ӨКМдин маалыматына ылайык,  30-июлда саат 09:20 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунда «Тойота-Ипсум» жана «Нисан-Сефиро» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 1 жаштагы наристе жана 54 жаштагы аял алган жаракатынан улам каза болгон. Андан сырткары 10 адам жаракат алышкан.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.