Бишкектин айрым райондорунда 4 күн жаратылыш газы жок болот (тизме)

Автор -

Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою жаратылыш газы жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-августтан 9-августка чейин аймактарда жабдыктарды алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу «Аламүдүн-1» кичи районундагы Энергетиктер жана Курулушчулар шаарчасында газ жок болот.

Лебединовка айылында Калинин көчөсү, Жеңиш проспектиси жана Садовая менен Токмок көчөлөрү менен чектеш аймактарда жаратылыш газы берилбейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү