Эки дос элдешет: Атамбаевдин уулу эксклюзивдүү интервью берди

Автор -
470

Өлкөбүздүн мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин Сейтек аттуу уулу менен тар чөйрөдө маектеше кеттик. Сейтек эс тарткыча чоң атасында чоңойгонун, атасы Алмазбек Шаршеновичтин кантип байыганын, качан саясатка аралашканын, биринчи тепкен машинесин, неберелерине кандай мамиле кыларын кыскача айта отурду. Албетте, өлкөдөгү кырдаалга өз баасын бере кетти. Өз учурунда биринчи жолу интервью берип, бир аз толкунданып атканын кошумчалады.

«Апам менен мектепте окуп жүргөн кезде таанышыптыр»

– Атам Стрельников мектебинде окуп жүрөт. Орустар көп эле. Сабактарды абдан жакшы окугандан «Артекке» жолдомо утуп алат. Ошол кезде эле билинип-билинбеген дискриминация болгондуктан, мектептин орус мугалимдери «каяктагы чор таман «Артекке» путевка утуп алды» деп кызганышып, атама назар салып калышат. Кысым башталгандыктан Кой-Таштын мектебине которулуп, эки жылча Стрельниковдон Кой-Ташка жөө барып келип окуйт. Ошол мезгилде апам (Ажар) менен таанышыптыр. Мектепти бүткөндөн кийин эле көп узабай он тогуз жашында экөө баш кошушкан экен. Кийин Москвага окууга кеткен.

«Чон апамдын айткандары тереңде экен»

– Москвада атам менен апам окуп жүргөн кезде мен азыркы Арашан айылында чоң атам менен чоң апамда калдым. Чоң апам айтып калаар эле (чоң атам мен 7ге чыкканда көзү өтүп кетти, ал эми чоң апам 17 жашыма чейин жанымда болду) «Сейтек, эл элге, жер жерге жакпайт. Элге кызмат кыл, жерге кызмат кыл. Жактырбаса коюшсун, бирок кызмат кылгандан эч чегинбе. Билесиңби эл деген ким? Эл деген мен, эл деген сен, эл деген бизбиз» деп. Ошол мезгилде сөзүн жакшы түшүнбөптүрмүн. Көрсө, чоң апам аябай терең маанидеги сөздү айтыптыр.

«Түрдүү жеңил унааларды минген»

– Союз маалы. Эң башында «Москвичи» бар эле. Толя байке шопуру болчу. Аз узабай эле «семерка» алды. Үч ай өтпөй «восьмерка», бир айдан кийин «девятка» минип жүрөт. Ал кезде мындай машинени эч ким тебе элек учур. Чанда эле адамдарда бар болчу. Бир жылга жетпей эл тебе элек иномаркалуу болду. Ошондо эле атам миллионер болчу. Офиси Совет менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде үстү оптика, алдында 200 чарчы метр аянты менен болчу. Ичи толтура ошол кезде эң популярдуу «Настольная книга домохозяйки», «Домоводство», «Садоводство» деген китептер, андан тышкары, чет элдик көркөм адабияттар. Он бир жашымда атам менен апам экөө ажырашты.

«Балдарын бийликке аралаштырбады»

– Раиса жеңем менен атам кантип таанышып, алар кандайча баш кошкону тууралуу менде маалымат жетишерлик эмес. Кээ бир айтылып калган сөздөрдө «Раиса башка элдин, башка жердин кызы» дегени көп чындыкка коошпойт. Раиса жеңем кыргызстандык эле, кыргызча таптак сүйлөйт. Менин апам эки эркек, эки кыз төрөгөн. Менден эки жаш улуу Сейит байкем, анан мен. Менден кийин эки эгиз кыз Диана, Динара. Баардыгыбыздын өз оокатыбыз бар, атабыз курап берген чакан бизнес менен алекпиз. Раиса жеңемден Кадыр жана Алия. Атам президенттикке чейин жана президент болуп турган кезде да өз балдарын эч бир бийликке аралаштырбады. «Силердин мага эң чоң жардамыңар эле менин жумушума кийлигишпегиле, ишиме көлөкө келтирбегиле» дегенин ушул кезге чейин бөркүбүздөй көрөбүз.

«Эки достун ортосуна чок салгандар»

– Үй-бүлөдөн атама сөздүн ачыгын мен эле айтчумун. Калгандары унчукчу эмес. Кыргызстан кичинекей мамлекет, баардык маалымат жетип турат эмеспи. «Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» дегендей, акыркы эки жылдын ичинде болгону бир эле жолу көрүштүк. Анын бирден-бир себеби эле достук жок болуп калды. Мен бир чындыкты айткым келет. Үй-бүлөмдүн, атамдын жакындарынын духу жетпей турганда, мен атама «сиздин шопуруңуз, жансакчыңыз, балашкаларыңыз сиз жасаган жакшы иштерге көлөкө түшүрүп жатат» дегем. Ушул сөздөрдүн кесепетинен, мына эки жылдын ичинде атам экөөбүз бир жолу эле көрүштүк! Керек болсо эки достун ортосуна интрига жаратып, азыркы абалга алып келгендер дагы ушулар! Калыстык деген баардык жакта болуш керек жана баардыгына бирдей калыстык айтылышы керек.

«Ооба, мен баласымын…»

– Биз алты бир тууганбыз, атам ар бирибизге өзгөчө көңүл буруп, баардык жактан өзгөчө тарбия берди. Дагы бир жолу айтам, жеке мен чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Кийинчерээк атам чоң саясатка аралашкан соң, биз анын жаш кезинен түптөгөн жеке ишин алып кеттик. Ошондо дагы атам бизге «эмгекти баалагыла, Кудай берген кичинекей ырыскыны чоң берекеге айланткан да, аны баалабай кичинекей нерсеге айланткан да адам! Ошондуктан эч качан Кудайга нааразы болбогула!» доп көп айтып келчү жана али деле айтып келет.

«Убакыт келгенде эки дос элдешет»

-Сооронбай Шариповичти 1995-жылдан бери тааныйм. Ошол жылы атам экөө тең Жогорку Кеңештин депутаты болуп, калың журт тараптан шайланып келишкен. Мен анда мектепти аяктап, көп достордон башым чыкпай жүргөн убак эле. Атам менен Сооронбай Шариповичтин достугуна чын дилимден суктанаар элем. Бири-бирине болгон мамиле башкача болчу. Жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, ар бир сөздү жерден алган адам катары билем. Саясатка аралашпасак дагы, ар кандай кыйын күндөрдү чогуу өткөрдүк. Ишенсеңер, саясатчынын үй-бүлөсү болуу өтө кыйын. Ошол кыйын күндөрдө да бири-бирине жөлөк-таяк болуп, саясаттын ысыгына жана суугуна бирдей туруштук берип келишти. Сооронбай Шарипович ошол мезгилде дагы өтө сабырдуу болчу, азыр деле ушундай. Акыркы жолугушуубузда Сооронбай Шарипович мага «эки бир тууган, эки дос таарынышса дагы бул жагдай үй-бүлөлүк мамилеге таасирин тийгизбеш керек, ар бир нерсенин өз убагы болот» деп айтканы эсимде. Убакыт келгенде эки достун элдешерин түшүндүм…

«Кечиримдүү бололу»

– «Бөлүнгөндү бөрү жейт», «Ырыс алды – ынтымак» деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаса керек. Тегерек четибизде «ушулар чабышып кетсе экен, анын арты менен кыргыз эли жок болуп кетсе сонун болот эле» дегендер четтен аңдып, даяр турушкан экинчи, үчүнчү, төртүнчү күчтөр толтура! Карапайым элге бул нерсе бир тыйынча да жакпайт. Алар өздөрүнүн арабасын тартып, саясат менен иши жок. Буларды интрига кылып аткан саясатчылар. Учурда мамлекеттүүлүктү, анын бүтүндүгүн ойлой турган кез келди. Азыр карасаң эле «эми экөө эмне болот, элдешеби же элдешпейби?» деп аткандар. Түндүк-түштүк болуп бөлүнбөйлү. «Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып», кечиримдүү бололу, ал эми карапайым эл болсо эмоцияга алдырбай, калыс болушсун.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү