Кытай элчилиги Солтон-Сарыдагы башаламандык боюнча кескин билдирүү жасады

Автор -
344

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги кытайлык «Zhong Ji Mining» компаниясы иштетүүгө даярдап жаткан Солтон-Сары алтын чыгуучу кенинде болгон башаламандык боюнча кескин пикирин билдирди. Бул тууралуу «Апрель.тв» жазып чыкты.

Окуяны элчилик кытай компаниясына кол салуу катары баалады.

«Канчалаган жылдар бою кытай ишканалары Кыргызстанга инвестиция жумшап, ишкерлик менен алектенип, жергиликтүү элдин жашоосунун жакшырышына олуттуу салымын кошуп келишет, бул кыргыз өкмөтү жана коомдун ар кыл чөйрөсү тарабынан жогору бааланып келген.

Бул жаңжал компанияга жана анын жумушчуларына ири экономикалык жана физикалык жоготуу алып келди.

Биз кыргыз тараптан кытайдын жабырланган жарандарына колдон келген медициналык жардамды көрсөтүп, жаңжалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалап жана абалды калыстык менен жөнгө салууну талап кылабыз»

деп айтылат билдирүүдө.
Бөлүшүү