Өкмөт башчы менен ИИМдин Кой-Таштагы экинчи операция тууралуу маалыматы жок

Автор -
276

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнө экинчи жолу операция тууралуу маалыматы жок. Бул тууралуу ал кезексиз сессияда айтты.

Депутат Мурадыл Мадеминов эмне себептен ИИМдин атайын кызматы Атамбаевдин үйүн экинчи ирет басып алууга аракет жасаганын сурады.

ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков отурумда отургандыктан бул тууралуу маалыматы жоктугун айтты.

«Бул тууралуу маалымат жок. Балким, ал жакка милиция барган күндө дагы, алар мыйзам чегинде коомдук тартипти камсыздоо максатын көздөп жатышат. Алардын саны 6 миң болбойт»
деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Бөлүшүү