Милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн толугу менен курчоого алып, тарапташтарын үйдүн сыртына сүрүп чыгарды.
«Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлап, үйдүн короосунда дээрлик киши калбаганын билдирүүдө.
[ads-quote-center cite=’ деп билдирген кабарчысы. ‘]»Айланасында топтошкон адамдар жок. Милиция короону көзөмөлгө алууда жана ал жакта дарыгерлер жүрөт. Үйдүн дарбазасын чопкутталган машине сүзүп кирди. Үй тараптан айрымдардын кыйкырган үнү угулууда»[/ads-quote-center]Буга чейин Кой-Ташка барчу жолду күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тороп алышып, үйлөрүнө бараткан адамдарды да өткөрбөй жатышканы маалым болгон.
Кой-Ташка барчу жолду күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тороп алышты (Видео)