Бишкекте №6 автобустун каттамы узартылды

Автор -

№6 автобустун каттамы Туңгуч кичи районуна чейин узартылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындан ары аталган коомдук унаа «Көк-Жар» жаңы конушунан Достоевский көчөсү боюнча Анкарага, андан ары «Тунгуч» кичи районуна чейин жүрөт.

Буга чейин автобус «Ак-Ордодон» «Көк-Жарга» чейин каттап турчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү