Жээнбеков ИИМге үчүнчү жолу суракка чакырылды

Автор -

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына үчүнчү жолу суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» жазып чыкты.

Жээнбеков 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча күбө катары сурак берип жатат.

Саясатчы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча биринчи операция учурунда барымтада калган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн алты жоокерин бошотуу боюнча күч түзүмдөрү менен сүйлөшүүдө ортомчу топтун арасында болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү