Кант, Токмок жана Бишкектин айрым райондорунда 2 күн газ жок болот

Автор -

Кант, Токмок жана Бишкектин айрым райондорунда 2 күнгө жаратылыш газын берүү токтотулат.  Бул тууралуу  “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кант шаарында;

-14-15-августта Гагарин көчөсүндөгү №13а, 14а, 15а, 19а, 19б үйлөрү;

Бишкек шаарында;

-15-16-августта Киев, Тоголок Молдо, Токтогул, Исанов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы;

Токмокто;

-15-августта Татарская, Казакстанская, Береговая, Пролетарская, Интернациональная, Узбекская көчөлөрүндө.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.