Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 14-кылмыш иши козголду

Автор -
425

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган деп айыпталууда. Аскер прокуратурасы бул фактыга байланыштуу дагы эки кылмыш иши козголгону тууралуу маалымдама бергенин «Азаттыкка» адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда. Жактоочу бүгүн, 15-августта УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент менен жолугуп чыкты. Атамбаев көрсөтмө берүүдөн жана документтерге кол коюудан баш тартты. Ал ушуну менен Атамбаевге 14-кылмыш иши козголгонун белгиледи.

Буга чейин, Атамбаевге карата куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башалмандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кабарлама берилген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кандай кылмыш иштери козголгону маалым болду