Шавкат Мирзиёев Түркмөнстанга барат

Автор -

Ашхабадда Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрага орун басары Рашид Мередов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулазиз Камилов жолугушту.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлагандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Ашхабадга жасай турган сапарына даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

«Ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, анын ичинде Ташкент-Ашхабад түз аба каттамын калыбына келтирүү, өлкөлөрдүн ири шаарларынын ортосунда автобус каттамдарын ачуу жана жарандардын кирип-чыгуусун жеңилдетүү маселелери көтөрүлдү», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Мындан тышкары тараптар БУУ, ЕККУ өңдүү аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы карым-катнашты бекемдөө мүмкүндүктөрү жөнүндө сөз кылышты.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар суу жана жер ресурстарын пайдалануу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары унаа куруу, билим берүү жана туризм тармагы боюнча эки өлкөнүн потенциалы менен таанышуу үчүн түрдүү деңгээлдеги сапарларды уюштуруу мүмкүндүктөрү каралды»
деп билдирди Түркмөнстандын тышкы саясат мекемеси.

Жолугушуунун соңунда саясий кеңешмелердин жыйынтыгы менен эки өлкө ТИМдеринин 2020-2021-жылдар аралыгындагы кызматташуу программасына кол коюлду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү