Орусиядагы жол кырсыгында 4 кыргызстандык жабыркады

Автор -

Москва облусундагы Мытищи шаарында жол кырсыгы катталып, 4 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык айдоочу Audi үлгүсүндөгү унаасы менен катуу ылдамдыкта жол четинде токтоп турган фураны сүзгөн. Унаадагы дагы 3 кыргызстандык жаракат алды.

Audi үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында болгон.

Ал эми элчиликтин кызматкери 3 жүргүнчүнүн абалы өтө оор, айдоочунуку туруктуу экенин билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү