Бишкектин айрым райондорунда оңдоо иштерине байланыштуу 26-28-августта жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧК билдирди.
Маалыматка ылайык, газ Панфилов, Кожомкул, Гоголь жана Кожожаш көчөлөрү менен чектеш аймактарда жок болот.
Ошондой эле 27-августта Токмок шаарындагы Куйбышев көчөсүндө газ берилбейт.