Биринчи Май райондук соту Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановду 13-октябрга чейин үй камагына чыгарды.
Курсан Асанов тергөөнүн аргументтерине макул эместигин, адилеттүүлүккө ишене тургандыгын журналисттерге билдирген.
Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.
Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан» деген негизде 9-августта иштен алынган.