Өзбекстанда китеп ижарасы үчүн мугалимдердин айлыгынан 100 миң сумдан кармалууда

Автор -

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Кизирик районундагы бир нече мектептин мугалимдери китеп ижарасы үчүн айлыктарынан 100 миң сумдан (10 доллар) кармалып жатканын билдиришти.

Алардын айтымында, мындай буйрук Кизирик райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан мектеп директорлоруна «оозеки» түрдө берилген.

«Директорлор 100 миң сумдан кармап калууга макул экендигибиз тууралуу кагазга кол койдуруп алып жатышат. Кол коюудан баш тарткандарга август айынын айлыгы берилбей турганы айтылууда»
деди райондогу мугалимдердин бири.

Ал кошумчалагандай, мектеп жетекчилери мугалимдердин акчасы кийин ата-энелер китеп ижарасына чогулткан каражаттан кайтарылып бериле турганын билдирип жатышат.

Өз кезегинде Кизирик райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Хушмурод Мухаммадиев китеп ижарасы үчүн мугалимдерден акча чогултулуп жатканын четке какты.

Буга чейин өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги 2019-2020-окуу жылы үчүн китептердин ижара акысы жогорулаганын билдирген. Мекеме муну китеп басып чыгаруу жана жеткирүү чыгымдарынын көбөйгөндүгү менен түшүндүргөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү