Мас абалда машине айдаган Оштун вице-мэрине айыппул салынды

Автор -

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго мас абалда машине айдаганы үчүн 17 500 сом айыппул салынды.Бул тууралуу «Азаттык» Ош шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шайыр Шакировго шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, айыппулду бир ай ичинде мамлекетке төгүшү керек. Протокол өз убагында түзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Жасур Азимов Оштун борбордук аянтында мас абалында машине айдап, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен мас абалында кер-мур айтышканы тартылган видео Интернетке тараган. Мэриянын басма сөз кызматы кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдап, Азимов рулда отурбаганын кабарлаган. Окуя 24-августта кечинде болгон.

Тасмада Азимов Ташкенттен келген конокторго шаар көрсөтүп жүргөнүн айткан. Шайыр Шакиров аны видеого тартып таратып жиберген тартип сакчысынын жоругунун этикалык жагы да караларын кошумчалады.