Бишкекте жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш өтөт 

Автор -
578

Ушул жылдын 3нөн 6-сентябрына чейин «Дордой» футбол комплексинде коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган Жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

[ads-quote-center cite=’ деп айтылат маалыматта.’]«Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган Жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш эки жылда бир өткөрүлүп турат. Мелдешти Кыргыз Республикасынын Жаа атуу федерациясы менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги «Супара» этнокомплекси менен «Шоро» компаниясынын демөөрчүлүгү жана «Дордой» бирикмесинин колдоосу менен уюштурууда»[/ads-quote-center]

Мелдешке Азербайджан, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Грузия, Казакстан, Кувейт, Орусия, Өзбекстан, Судан жана Тажикстандан жаачылар катышат.

Ал эми Кыргызстандын атынан 10 жаачы катышат.