Сокулукта 14 жаштагы кызы төрөгөн ата камакка алынды

Автор -

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагында 14 жаштагы секелектин төрөгөнү тууралуу маалымат ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 29-август күнү белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук милициянын басма сөз кызматы Нургүл Нусупова кабарлады.

Бул фактыга байланыштуу шектүү катары кыздын 53 жаштагы атасы кармалып, убактылуу тергөө абагына камакка алынды. Жазык кодексинин 161-беренесинин («Зордуктоо») негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды.

— Учурда ымыркайды башка үй-бүлөгө бергени аныкталды. Арыз менен эч ким кайрылган эмес. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында белгилүү болуп жатат. Тергөөдө ата-энесине, жашы жете элек кызды төрөткөн адамдарга юридикалык баа берилет.

Чүй милициясынын маалыматына караганда, көз жарган секелек үйдүн эң улуусу. Ал учурда «Балдарды коргоо борборунда» психологдун жардамын алууда. Үй-бүлөнүн андан кийин эки уул, эки кызы бар.

Укук коргоочулар эрте төрөгөндөрдүн көбү зордуктоого дуушар болушарын жана кылмышкерлер жазасыз калып жатканын белгилешет.

Бөлүшүү