УКМКнын терезесинен тарапташтарына кол булгап учурашкан Атамбаевдин видеосу

Автор -
820

УКМКнын  терезесинен өз тарапташтарына кол булгап учурашкан Атамбаевдин видеосу чыкты.

Аталган мекеменин имаратында учурда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын даттануусу боюнча соттук отурум өтүүдө.

Отурум жабык болгондуктан, экс-президенттин үй-бүлөсү, тарапташтары жана журналисттерге кирүүгө тыюу салынган.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымына ылайык, биринчи отурум 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракети боюнча өтөт. Бул иш Бишкек шаардык сотунда саат 11:00гө белгиленген. Бирок УКМКдан эле өткөрүп коюшу мүмкүн.

Ал эми экинчи соттук отурум Биринчи Май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин абакта калтыруу чечими боюнча болот. Ал саат 11:30га белгиленген.

Бөлүшүү