Акаев: Zhong Ji Mining компаниясынын лицензиясын алуу маселесин тезинен чечиши керек

Автор -

Өкмөт Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын лицензиясын алуу маселесин тезинен чечиши керек. Ошондой эле, мындай маселени көтөргөн жергиликтүү тургундарды куугунтукка албай, алардын пикирин эске алуу зарыл. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Ушу тапта Солтон-Сары алтын кениндеги абалды атайын комиссия текшерип жатат. Өкмөт анын ишине кийлигишпешии керек. Ак-Талаа районунда көп жылдан бери кароосуз калган Тоголок Молдонун өзү курдурган медресеси менен үйү бар. Жаштар тарыхый мааниси бар ошол курулуштарды оӊдоп-түзөп, туристтик жайга айландыруу демилгесин көтөрүүдө. Өкмөт андан четте калганы түшүнүксүз. Эмне учун мындай демилгени Маданият министрлиги колго албайт? Тезинен көзөмөлгө алышы керек»
деп кошумчалады депутат.
Бөлүшүү