Өзбекстан 1150 адамды жарандыктан ажыратышы мүмкүн

Автор -

Өзбекстандын Москвадагы элчилиги жарыялаган тизмеге ылайык, 1150 адам өзбек жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн.

Маалыматка караганда, алар чет өлкөдө үч жылдан ашык иштеп, бул аралыкта консулдук каттоого турушкан эмес.

Тизмеге 947 казак, 84 орус, 43 өзбек жана 25 каракалпак кирген. Мындан тышкары анда кыргыз, татар, еврей, беларус, украин, корей, чуваш, түркмөн жана түрк улутундагы адамдар дагы бар.

Өзбекстандын Москвадагы элчилигинен билдиришкендей, «Өзбекстан Республикасынын жарандыгы тууралуу» мыйзамдын 21-беренесине ылайык, учурда тизмеде көрсөтүлгөн адамдарды жарандыктан ажыратуу маселеси каралууда.

Бөлүшүү