Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган жок. Маалыматты өзү Sputnik Кыргызстанга тастыктаганын агенттик жазып чыкты.
Бүгүн айрым ЖМКлар жана социалдык тармактагы колдонуучулар Кайыпов отставкага кетти деп жазышкан.
[ads-quote-center cite=’ деди Кайыпов.’]»Кызматтан кетүү боюнча арыз жазган жокмун. Ордумда иштеп жатам»[/ads-quote-center]
Өкмөттүн маалымат кызматы дагы губернатор арыз жазбаганын тастыктады.