Кожобек Рыспаев бир кыз мерт кеткен жол кырсыгынын чоо-жайын айтып берди (Видео)

Автор -
«Мен 1999-жылы жол кырсыгына кабылгам. Ал кезде спорт ордосундагы бассейнге барып сүзчүмүн. Саат кечки 10дор чамасында чыгып, Военно-Антоновкадагы үйүмө бара жаткам. Унаамды жаңы эле Рыспек Акматбаевдин иниси Тынчбектен сатып алгам, номерин да алмаштыра элек болчумун. Анан капталыман бир унаа качырып келип мени урган. Унаа тоголонуп баратканда, бактын арасындагы үч кыздын бирөө автоунаага урунуп кайтыш болуп калган. Өзүм да аябай жаракат алгам»
деп билдирди депутат.

Анын айтымына караганда, жол кырсыгы боюнча иш эки ирет тергелип, жабылган.

 

Бөлүшүү