Депутаттар 2 күндүк айлык маянасын каза болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө берет

Автор -

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Кожобек Рысбаев Кой-Таш окуясында жана чек ара жаӊжалында каза болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө депуттардын эки күндүн маянасын топтоп берүүнү сунуштады.

«Кой-Таш окуясында жана Баткендеги чек ара чырында каза болгон эки аскердин үй-бүлөсүнө эл өкүлдөрүнүн эки күндүк маянасын топтоп берүүнү сунуштайм. Баткенде мекенди коргогон чек арачы каза болуп, артында үч баласы калды»
деди депутат.

Төрага Дастан Жумабеков бул боюнча токтом кабыл алынбай турганын айтып,
сунушту депутаттар колдоорун билдирди.

Бөлүшүү