Чүй облусунун Панфилов районундагы Телман айылында жайгашкан «Ак-Тилек» медресенин жатаканасынын чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, өрт кечээ, 8-сентябрда болжол менен саат 18:51де катталган.
Өрттүн кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 чатрчы метр чатыры күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.