Өзбекстанда 62 жаштагы мугалим окуучу кызды зордуктап жүргөн деп шектелүүдө

Автор -
292

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Алтынсай районундагы жергиликтүү мектептин химия мугалими окуучу кызды зордуктап жүргөн деп шектелүүдө.

Жабырлануучу кыздын айтымында, 62 жаштагы мугалим аны 2017-жылдын сентябрынан 2019-жылдын март айына чейин зордуктап жүргөн.

[ads-quote-center cite=’ деди кыз.’]«Агай мага арак ичирип, химиялык лабораторияга алып кирип зордуктачу. Кээ бирде эки күндө бир, же үч күндө бир жолудан. Алгач ал мага 9-класстын башында сексуалдык зомбулук көрсөткөн. Анда олимпиадага даярдайм деп мектепте алып калып, алдап аракка мас кылып зордуктаган. Кийин бул жөнүндө эч ким билбеши керектигин эскертип, болбосо мектептен чыгарып жиберише тургандыгын айтып коркуткан»[/ads-quote-center]

Анын апасы быйыл кызынын колунан кымбат баалуу телефонду жана акчаны көргөндөн кийин шек санай баштаганын билдирди.

[ads-quote-center cite=’ деди кыздын апасы.’]«Мен андан көпкө такып сурагандан кийин телефонду химия мугалими бергенин, буга чейин аны көп жолу зордуктаганын айтты»[/ads-quote-center]

Ал бул боюнча кызы окуган мектептин жетекчилиги менен укук коргоо органдарына даттанып, сексуалдык зомбулук фактысын аныктоо үчүн медициналык экспертиза өткөрүүнү талап кылган.

[ads-quote-center cite=’ деди ал.’]«Экспертиза кызыма карата сексуалдык зомбулук болгонун ырастады. Дарыгер кызым жүздөн ашык жолу жыныстык катнашта болгонун айтты»[/ads-quote-center]

Кызды зордуктоого шектелип жаткан мугалим быйыл май айында өз арызынын негизинде жумуштан кеткен. Жергиликтүү укук коргоо органдары кыздын зордукталышы фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.