Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Автор -

Бишкекте кечээ, 10-сентябрда өкмөттүк трассада болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында «апрель» жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына караганда, Skoda Octavia унаасынын айдоочусу, 17 жаштагы Б.Б., Ч. Айтматов проспектиси менен түштүктөн түндүк тарапка бара жатып, каршы тилкеге чыккан. Кесепетинде 30 жаштагы Б.А. башкарып бараткан «Я-Синь» автобусу менен кагышкан.

Жол кырсыгынан улам, жеңил унаанын 17 жаштагы айдоочусу менен анын үч жүргүнчүсү жеринде мүрт кеткен. 17 жаштагы дагы бир жүргүнчү кыз А.Н. ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.  Автобустун айдоочусу менен анын үч жүргүнчүсү — 59 жаштагы Б.Г., 15 жаштагы Ж.Н. жана 9 жаштагы М.Н. дагы ооруканага түшкөн.

Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп, соттук-медициналык экспертиза  дайындалды.

Бөлүшүү