Бишкектин көчөлөрүндө желим бөтөлкөлөр үчүн атайын урналар орнотулууда

Автор -
233

Бишкек шаардык мэриясы жаш ишкерлер менен биргеликте “Желимсиз Бишкек” акциясынын алкагында атайын урналарды шаар көчөлөрүнө орното баштады.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бийиктиги 2 метр болгон жана ичине 1000ге жакын желим бөтөлкө бата турган эки урна жаңы ачылган сейил бакка орнотулган.

Жаңы коюлган урна желим бөтөлкөнүн формасында жасалган. Ал көп жерди ээлебейт жана көп акча каражатты талап кылбайт.

“Чогулган желим бөтөлкөнү аталган акциянын уюштуруучулары түнкү саат 12:00дөн эртең мененки 5:00гө чейин жыйнашат. Жыйналган желимдерди кайра иштеп чыгаруучу ишканаларга тапшырышат”, -деп айтылат маалыматта.

Учурда жаш ишкерлер дагы 60 урнаны жасоо үчүн демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, инсталляциялык бир урнанын баасы 7 миң сом.

Бөлүшүү