Кыргыз-казак чек арасында 47 млн. сомдук товар кармалды

Автор -

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кыргыз-казак чек арасында жыгач материалдарды, суу түтүктөрүн, генераторлорду мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдайт. ​

Маалыматка таянсак, «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү пунктунда баасы 47.2 млн. сом болгон генераторду ташып бара жаткан 2 автоунааны кармалган. Текшерүү учурунда, товар ташуучулардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан.  Андан сырткары, ушул эле өткөрүү пунктунда жыгач материалдар кармалган.

«Ак-Тилек-автожол» текшерүү пунктунда 80 миң метр суу түтүктөрүн мыйзамсыз, эч кандай тиешелүү документтери жок алып кетип бара аткан автоунаа кармалган.
Мыйзам бузуучулардын материалдары Финансы полициясына өткөрүлүп берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү