Жайыл районундагы жол кырсыгынан жаш балдар каза болушту

Автор -

Жайыл районунда кечээ, саат 12:25де Орто-Суу айылынын Ниссан-Сефиро унаасынын айдоочусу рулду башкаралбай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган  К.Т. жана 2012-жылы туулган А.А.  аттуу жаш балдар каза болгон,  ал эми 2002-жылы туулган  А. уулу А. жабыркап Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

ӨКМдин куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү